www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы курулуш объектисинде чет өлкөлөрдүн 46 жараны мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн. Алар туристтик визага гана ээ болгондуктан эмгектенүүгө укугу жок экени такталды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Тергөө иштерин УКМК менен Октябрь РИИБ биргеликте жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында жашоо тартибин жана эмгек ишмердигин жүргүзүү эрежелерин бузуу фактысы боюнча ар бирине 10 миң сомдук протокол түзүлдү. Ал эми курулуш компаниянын жетекчилигине чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу эрежелерин бузганы үчүн протокол түзүлдү.

Чогултулган материалдардын негизинде мыйзамсыз миграция каналынын уюштуруучуларга карата кылмыш иши козголду. 16-майда чет мамлекеттин 2 жараны шектелип кармалып, убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Последние новости