www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга ниеттенген чет элдиктер кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин байкоосуна Азербайжандын беш жараны: В.М. Алиев, С. А. Багхиров, М. О. Асгаров, М. С. Бехбудров жана З.И. Маммадов алынган.

УКМКнын маалыматына караганда, алар улуттар аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан, ичинде кримдүйнөдө Бродяга деген каймана атка ээ А.М.О. аттуу адам да болгон.

"Ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө, уурулук идеологиясын жайылтуу, өзүнүн статусун жогорулатуу максатында жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшкөн мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан өлкө жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн шериктери менен Кыргызстандын аймагына келген", — деп айтылган маалыматта.

Себеп — Кыргызстандын бийлигинин уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүп жатканы болгон.

УКМК жүргүзүп жаткан кесилгендердин кылмыштуу идеологиядан массалык түрдө баш тартуусу, эркиндикке чыккандан мамлекеттик саясатты колдоосу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар келечекте аларга терс таасирин тийгизеринен кооптонушкан. Бул чет жактагы кылмыштуу дүйнөнүн лидерлерине жаккан эмес.

"2024-жылдын 22-мартында жогорудагы айтылгандардын бардыгы кармалган. Учурда аларды Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтышты атайын кызматтан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости