www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Crocus City Hall имаратында ок чыгарган деп шектелген алты террористтин төртөөсүнүн өздүгү белгилүү болду. Бул тууралуу "Baza" Telegram каналы билдирди.

Алардын баары Тажикстандын жарандары экени белгиленген. Атап айтканда, терактка катышкандар:
Насридинов Махмадрасул - 37 жашта
Усманов Ривожидин - 51 жашта
Сафолзода Шохинжон – 21 жашта
Рустам Назаров 29 жашта экени айтылууда.
Алардын кайсынысы кармалганы азырынча белгисиз.

Эскерте кетсек, 22-мартка караган түнү Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында белгисиз адамдар аткылап, жарылуу болуп, имаратта өрт чыккан.

Айрым маалыматтарга караганда, кеминде үч куралчан адам ок чыгарган. Азырынча жабыркагандардын саны 80ден ашты.

Имараттын үчтөн бир бөлүгү күйүп, айлананы коюу кара түтүн каптаган. Өрт өчүрүүчүлөр чатырдан адамдарды алып чыгып, 100гө жакын адам эвакуацияланган.

Россия Федерациясынын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда теракттан кийин ооруканада 110 чоң адам жана 5 бала жатат, 60 чоң адамдын абалы оор. Бул тууралуу Москва облусунун губернатору Андрей Воробев билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев президент Владимир Путинге терактка байланыштуу көңүл айтты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги терактты айыптады. Өзбекстандын Москвадагы элчилиги теракттан жабыркагандардын арасында өзбектер бар экендиги тууралуу маалымат түшө электигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости