www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлиги (ИИМ) каннабис өсүмдүгүнүн компоненттери бар продукцияны Instagram аркылуу жарнамалап жана сатып жүргөн топтун ишмердүүлүгүн токтоткон.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам маалыматка ылайык, мындай продукция Суусамырдагы фестивалда сатылмак.

Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин айрым үлгүлөрдөн марихуана табылган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө үч жаран кармалган.

Алардын үйлөрүндө жана бир дүкөндө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө марихуана, каннабис майы, каннабис уруктары жана курамында каннабис бар деп көрсөтүлгөн ар кандай товарлар (чай, ун, май, спрей, витамин капсулалары ж.б.) алынган.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Последние новости