www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылында Зындан тоо көлүнөн коргоочу дамба курулду.
284 метр дамбанын курулушу ӨКМдин Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор тарабынан жүргүзүлүп, ЮНЕСКОНУН "GLOFCA — Борбор Азия аймагындагы калктын климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга багытталган долбоору" каржылаган.
Акыркы жылдары мөңгүлөрдүн эриши жана мөңгү көлдөрүнүн көбөйүшү аймакта алардын жырылып кетүү коркунучун күчөтүп, тоолуу райондордогу калкка, инфраструктурага жана жашоо булактарына олуттуу коркунуч жаратууда. Ушул шартта курулган селден коргоочу дамба Туура-Суу айылын жана ага чектеш аймактарды сел коркунучунан коргоодо маанилүү роль ойнойт.
Иш-чарага КР ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, ЮНЕСКО уюмунун өкүлдөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө курулуш иштери ийгиликтүү аяктаганы белгиленип, дамбаны андан ары пайдалануу жана тейлөө үчүн жергиликтүү бийликке өткөрүлдү.
GLOFCA долбоору Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун Регионалдык кеңсеси тарабынан Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү менен биргеликте ишке ашырылып, Адаптациялык фонд тарабынан каржыланууда. Долбоор климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу коркунучтарды азайтууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган.