www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ менен кызматташканы үчүн жарандарын куугунтуктаган 38 өлкөнүн катарына кирди.

Рейтер агенттиги кабарлагандай, шаршемби күнү БУУ адам укуктарын коргогон эл аралык уюмдар менен иштешкени үчүн жарандарын коркутуп-үркүтүп, кыйноого алып, камап жана өлүмгө жеткирген өлкөлөрдүн атын атады.

БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин жылдык баяндамасында укук коргоочуларга катаал мамиле жасалган учурлар жөнүндө айтылды.

БУУ башкатчысы мындай “маскара тажрыйбанын” тамырын кыркуу зарылдыгын билдирди.

Түркмөнстан БУУга 1992-жылдан бери мүчө жана кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар экенин, эл аралык милдеттенмелерин аткарарын билдирип келет. Бирок өлкө жыл өткөн сайын адам укуктарын коргоодо эң начар көрсөткүчтөргө ээ болууда.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости