www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбековдун толук кандуу президент болгонуна, мамлекетти башкаруусуна жана иш жүргүзүү стилине жакындан жана алыстан баа бергендер, сын айткан билермандар президенттин калыстыгына ыраазы болушууда. «Түз жолдо баратат» дешүүдө. Өзү башынан эле тазабы, же эски режимдердин сабатын катуу жаттаганбы, айтор, бир туугандарын бийликке эч жолотпой, кирген-чыккан адамдарга түздөн-түз өзү гана маселе чече турганын, убактысы болбой калганда аппараттагылар менен колун узартарын айтып атыптыр.
Эки-үч чоң саясатчы «Асылбек иниси аркылуу иштерибизди бүтүрүп алабыз» дешип, тилекке каршы, тескери жооп алышканын эшиттик. Инисине «сен депутат катары зкс-спикерлик аброюңду туура пайдалан, эл карап турат» деген сөздү катуу айта алса, ал ошол эле сөздү кудасы Абжалиевдин мээсине жеткизди бекен?
Айтмакчы, «офистер» же «шопур-жансакчылар» сыяктуу көшөгө артындагы «эскиче жоруктар» азыр кайталанбай, баардык маселелерди президент өзү карап, талыкпай иштеп атканына алкыш айтабыз! Эми кыргыздын бузулган аткаминерлери да бара-бара түзөлөбү?..
Булак: "Азия Ньюс"