www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандык студенттер үчүн Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларына 2019-жылдын стипендия программасы менен билим алууну каалагандарга кабыл алуу баштады. Бул туралуу 15-январда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү билдирди.
Кабыл алуу 15-январдан 20-февралга чейин www.turkiyeburslari.gov.tr интернет дареги аркылуу жүргүзүлөт.
Түркия мамлекетинин стипендия программасына ылайык, чет мамлекеттерден барган студенттер үчүн бакалавр, магистратура жана докторантурада окуусу каржыланат. Мындан тышкары ай сайын стипендия төлөнүп, бекер жатакана, медициналык жактан акысыз тейлөө жана самолет менен эки тарапка жылына бир ирет барып келген билети менен камсыздандырылат.
Булак: NazarNews.kg