www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Таййип Эрдоган кызматына кайрадан шайланып, Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен Улуттук кыймыл партиясы түзгөн «Жумхур» өнөктөштүгү да парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишти. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Расмий эмес жыйынтыктарга караганда, президенттикке талапкерлердин бардыгы саналып бүткөн добуш көрсөткүчү мындай;
Мухаррем Инже: 30,64 пайыз
Мерал Акшенер: 7,29 пайыз
Режеп Таййип Эрдоган: 52,60 пайыз
Селахаттин Демирташ: 8,40 пайыз
Темел Карамоллаоглу: 0,89 пайыз
Догу Перинчек: 0,2 пайыз
Эл өкүлдөрү үчүн берилген добуштардын бардыгы саналгандан кийин расмий эмес жыйынтыктары мындай:
Жумхур өнөктөштүгү; 53,66 пайыз
Адилеттик жана өнүгүү партиясы: 42,56 пайыз (295 эл өкүлү)
Улуттук кыймыл партиясы: 11,10 пайыз(49 эл өкүлү)
Миллет өнөктөштүгү; 34,1 пайыз
Жумурият элдик партиясы: 22,64 пайыз(146 эл өкүлү)
Ийи партия: 9,95 пайыз (43 эл өкүлү)
Саадет партиясы: 1,35 пайыз(0 эл өкүлү)
жана
Элдик демократиялык партия (HDP): 11,70 пайыз (67 эл өкүлү)
Калгандары: 0,7 пайыз (0 эл өкүлү)
Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сади Гүвен, шайлоонун жыйынтыктары тууралуу берген маалыматында, «Таза шайлоо болду, жыйынтыктары такталгандан кийин атуулдардын иликтөөсү үчүн ачабыз»,-деп айтты.
Гүвен, шайлоонун так жыйынтыктарынын 5-июль күнү жарыялана турганын билдирди.
Жумурият элдик партиясынын президенттикке талапкери Мухаррем Инже болсо кечээки сөз сүйлөөсүндө шайлоо жыйынтыктарына макул экенин жарыялады.
Булак: NazarNews.kg