www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Амангелди Мурзалиев менен Олег Гории кызматтарынан алынды. Кызматтан кеткендердин ордуна мурда ушул кызматта иштеп кеткен Мадемин Каратаев жана Эркин Чечейбаевдер дайындалды.
Кызыгы, Саламаттык сактоо министрининин орун басары Мадемин Каратаевдин Курманбек Бакиевдин учурунда кызматтык шалаакылыгы үчүн кылмыш иши ачылган.
Кийин ал иш жабылып, аткаминер ордуна кайтып келгенде саламаттык сактоо тармагындагы бир топ уюмдар аны коррупцияга айыптап, иштешүүнү токтотушкан. Эми ошол кылмышка шектелип, эч ким ишеним көрсөтпөй койгон адамды кайрадан кызматка дайындоо канчалык деңгээлде акылга сыят деген суроо жоопсуз турат.
Бирок министр Космосбек Чолпонбаевдин өзү кылмышка шектелип, УКМКнын СИЗОсу менен таанышып чыкканын эске алганда, бизде баары боло берет...
Башка эмне дейбиз?..
Булак: Фабула