www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанда сот бийлиги көз карандысыз болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 17-августта “75чилердин иши” боюнча Бишкек шаардык сотундагы отурумга кирип баратканда айтты.

«Сот бийлиги көз карандысыз бийликтин бир бутагы да. Мен кандай чечим болгондо дагы, сот бийлигинин аракетине, адилеттигине жараша болот деп ойлойм. Өзү сот бийлиги көз карандысыз болушу керек», - деди ал.

Отурумдун жабык форматы боюнча пикирин билдирип жатып, мурдагы төрага бул эми мааниге ээ эмес экенин айтты.

«Бул иштин бардык чоо-жайы коомчулукка, элге дайын болду. Эми ачык өтөбү, жабык өтөбү, айырмасы деле жок болуп калды», - деп кошумчалады ал.

Мындан сырткары, мурдагы төрага буга чейинки соттун чечими Ак үй менен макулдашылбаганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык сотунда бүгүн каралууга тийиш болгон «75чилердин» иши боюнча сот отуруму 24-августка жылдырылды. 

Маалыматка караганда, отурумга айыпталуучулардын биринин адвокаты келбей калгандыктан, соттук териштирүү башка күнгө жылдырылган.

Последние новости