www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы?
Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, өзүн-өзү таркаткан Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Тургунбек уулу Нурланбек болмокчу?
Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда көп талкуу жараткан инсандар аз эмес. Алардын бири өзүн-өзү таркаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек (мурунку фамилиясы Шакиев) десек жарашат. Бүгүнкү күндө ал кыргыз саясатында маанилүү фигура. Бирок Тургунбек уулунун ишмердүүлүгү анчалык деле мактоого татыктуу эмес. Ошол эле кезде көптүн бири катары таптакыр четке кагуу да болбойт. Саясатчы катары таанымал болгон менен конкреттүү маселелерде анын ишине болгон канааттанбастык бар.
Алсак, Жогорку Кеңештин төрагасы катары парламентти өз мөөнөтүнө чейин иштөөгө жеткирбей, өзүн-өзү таркатууга мажбур кылган абалга жеткиргени — бул саясий жоопкерсиздиктин ачык белгиси. Парламент — мамлекеттин эң жогорку мыйзам чыгаруу органы, ал эми төрага — анын жүзү.
Чындыгында Нурланбек мырзанын төрагалык мөөнөтү маалында коомдо парламентке болгон ишеним төмөндөп, эл арасында "бул парламент эч нерсе чечпейт" деген пикир күчөдү. Эл өкүлдөрү мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселелерде өз позициясын көрсөтө албай чектелип калышты.
Кыскасы, Тургунбек уулу Нурланбек азыркы саясий системанын эң чоң көйгөйүн – жоопкерсиздикти – өзү аркылуу көрсөттү. Эми кайра эл өкүлү катары келсе дагы буга чейин кийип келген кепичин чечип келсе өзүнө жана бүтүндөй кыргыз элине пайдасы тиет беле деген ой.
Эми убакыт келгенде эл өзү чечет. Бирок элдин эси бар, көзү ачык. Ошондуктан мындай жоопкерсиз саясатчыларга кайрадан трибуна берүү керекпи? - деген суроо жаралат.