www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Македонияда 15-июлда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгы Балкандагы бул мамлекеттин Евробиримдикке кошулуу багытын аныкташы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Бул - өлкөнүн аталышы өзгөргөндөн кийинки алгачкы парламенттик шайлоо.

Апрель айында өтүүчү добуш берүү пандемияга байланыштуу жылдырылган.

Парламентке ат салышып жаткан «Македониянын социал-демократтар бирикмеси» партиясынын лидери, азыркы премьер-министр Зоран Заев коңшулар менен алаканы оңдоп, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусуна ыктап келет.

Ал 2017-жылы Греция менен тарыхый келишимге кол коюп, өлкөнүн аталышын Македониядан Түндүк Македония деп өзгөртүлгөн.

Анын башкы атаандашы, VMRO (Македониянын ички революциялык уюму) партиясынын лидери Христиан Микоски улутчул риторикаларды көп колдонуп, Заевдин саясатын сындап жүрөт.

Байкоочулар пандемияга байланыштуу добуш берүүгө келгендердин саны аз болушу мүмкүн экенин боолгоп жатышат. Эки миллиондой калкы бар бул мамлекетте коронавируска кабылгандардын саны сегиз миңдей, илдеттен 380 киши көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости