www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк электр" ААКсы 28-декабрдан тарта кийинки жылдын 1-апрелине чейин тиричилик керектөө үчүн үч фазалуу системаны коштурууга техникалык шарттама берүүнү токтотту. Бул тууралуу ишканадан кабарлашты.

Мындай чаралар кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүп алуу үчүн, ошондой эле калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көрүлүп жатканы белгиленди.

Ошол эле учурда үч фазалуу система аны буга чейин кошкон абоненттерде кала берет. Ал эми жаңы кардарларга убактылуу жеткиликсиз болот.

Чүй жана Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында электр энергиясынын суткалык керектөөсү күн санап өсүп жаткандыктан, ишкана декабрдан бери кардарларды жарыкты үнөмдөөгө чакырып жатканын айтты. Бөтөнчө эртең менен жана кечинде сарамжалдуу колдонуу керек.

Бюджеттик уюмдардын арасында да лимиттин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости