www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин тапшырмасы менен быйыл Профсоюздар федерациясынан өткөрүлүп алынган “Жети-Өгүз” курорту баштаган үч объект толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, ишке берилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

"Профсоюздар федерациясынан өткөрүп алынган санаторий-курорт мекемелеринин жетекчилери менен жыйын өткөрдүк. Бул мекемелер азыр Президенттин Иш башкармасына өтүп, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат.

Жетекчилерге эң оболу мыйзамдуулукту так сактоонун маанисин баса белгиледим. Бүгүнкү күндө мыйзам бузуу — жеке гана эмес, жакындарыңдын да тагдырына терс таасир этүүчү олуттуу маселе болуп калды. Бир эле чечим бүтүндөй бир тагдырды өзгөртүп салышы мүмкүн. Бул жоопкерчиликти ар бир жетекчи сезиши керек.

Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, коррупцияны жоюунун эң натыйжалуу жолу — санариптик башкаруу.

Адамдык факторду азайтуу менен мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коё алабыз. Санариптик башкаруу — таза, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү иштөөнүн негизги куралы. Буюрса, бул мекемелерге да ушул системаны акырындык менен киргизип жатабыз.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, быйыл бир катар маанилүү курорттордо капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Кудай буюрса, быйыл алар элге кызмат көрсөткөнгө даяр болот.

▪️ “Жети-Өгүз” курорту;

▪️ “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору;

▪️ “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты.

Бул мекемелер жаңыланып, заманбап шартта кайрадан элге жеткиликтүү болот.

Мурун Профсоюздар федерациясынын карамагында болгон бул жайлар көп жылдан бери каралбай, жараксыз абалда калган. Азыр аларга экинчи өмүр берилип, мамлекеттик деңгээлде натыйжалуу башкаруу киргизилди.

Айрым мекемелерде кызматкерлердин айлык маянасы 70%га чейин жогорулады. Бул багытта иштер уланууда — бардык кызматкерлердин эмгегин татыктуу баалоо үчүн кошумча чаралар көрүлөт.

Мындан мурда “Жыргалаң” жана “Ысык-Ата” курорттору да Президентибиздин колдоосу менен толук оңдолуп, кайра ишке берилген. Бул — мамлекеттин социалдык туризмди өнүктүрүүгө жана элдин ден соолугуна кам көрүүгө болгон чечкиндүү кадамы", - деп жазды Туманбаев.

Последние новости