www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу төрт автоунааны мыйзамсыз өткөрүү фактысын аныкташты.

МБКнын маалыматына ылайык, Корея Республикасынан Кыргыз Республикасындагы алуучулардын дарегине жөнөтүлгөн контейнерди бажылык текшерүү учурунда декларациядагы маалыматтар менен жүктүн ортосунда дал келбестик аныкталган.

Транзиттик декларацияларда контейнерде KIA K3, KIA Sportage, Hyundai Kona жана Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаалар бар экени көрсөтүлгөн. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө Toyota Camry, Hyundai Sonata, BMW 530 жана Hyundai Palisade үлгүсүндөгү унаалар табылган.

Андан тышкары, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө товар коштоочу документтерде көрсөтүлгөн автоунаалар 2025-жылдын декабрь айында эле Кыргыз Республикасында бажылык тариздөөдөн өткөнү аныкталган.

Аталган факт боюнча материалдар андан аркы процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн МБКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыян эки эселенген өлчөмдө өндүрүлүп, бюджетке 1 млн 430 миң 465 сом кайтарылды.

Последние новости