www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 13-февралда 50дөн ашык жарлык жана токтомго кол койду. Анда мамлекеттик кызматтарга дайындоолор жана кызматтан алуу тууралуу чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу «Фергана» жазды.
Маалыматты вице-премьерлер Мамметхан Чакыев, Байрамгүл Ораздурдыева, Батыр Аманов иштен алынган. Себептери көрсөтүлгөн эмес. Алардын ордуна «Түркмөн деңиз жана дарыя транспорту» агенттигинин төрагасы Батыр Аннаев, Түркмөн мамлекеттик архитектура жана курулуш институтунун мурдагы ректору Батыр Маммедов жана «Түркмөннефть» мамлекеттик концернинин мурдагы төрагасы Гуванч Агаджанов дайындалган.
Бир катар министрликтер жана мекемелердин жетекчилери дагы кызматтан бошотулду.
Мырат Маммедов Түркмөнстандын Саламаттык сактоо жана медициналык өнөр жай министри кызматынан пенсияга чыгышы себептүү бошотулду. Ордуна Мыратберди Гайыпов дайындалды. Чарыгелди Бабаныязов Айлана-чөйрөнү коргоо министри кызматынан бошотулду. Анын ордуна Овезгелди Гошджанов бекиди. Бегмырат Атаев Түркмөнстандын Тамак-аш өнөр жайы мамлекеттик бирикмесинин төрагасы кызматынан алынып, ордуна Байрамдурды Тедженов келди.Ошондой эле, Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук министри Назар Атагараев башка жумушка өттү деген негизде кызматтан алынды. УКМны эми Довлетгелди Мередов жетектейт.
Мындан тышкары, Түркмөнстанда мамлекеттик Автоунаа жолдорун башкаруу агенттигинин негизинде Автоунаа жолдор министрлиги түзүлүп, анын башчысы болуп Хангелди Керимов дайындалды.
Бердымухамедов ошондой эле Түркмөнбашы, Түркмөнабат, Мары шаарларынын жана айрым райондордун хякимдерин (администрациялардын башчыларын) алмаштырды.