www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын жаратылыш газы Азербайжан аркылуу Түркияга жана Европага жеткирилет. Бул тууралуу Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар Бакуда өткөн 31-Баку энергетикалык форумунда билдирди.
Министрдин айтымында, Түркия менен Азербайжан энергетика тармагында дүйнөгө үлгү болуп келет. Ал көптөн бери талкууланып жаткан түркмөн газын ташуу маселесине токтолуп:
«Түркмөн газын Азербайжан аркылуу Түркияга жана Европага жеткирүүнүн убактысы келди. Бул долбоорго бардык өнөктөштөр чоң кызыгуу көрсөтүүдө. Азыр ар бир тарап бул демилгени колдоого даяр болгон учурга жеттик», — деди.
Анын айтымында, бул долбоор аймактагы энергетикалык кызматташтыкты бекемдеп, Европанын энергия коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот.