www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” борбордук штабы Израилдин түндүк аймагында жашаган жарандарды эвакуациялоого чакырды.

Маалыматка караганда, эгер Израиль Ливандын борбору Бейрутка жана “Дахия” аймагына сокку урса, анда Израилдин түндүгүндөгү калк коопсуздук үчүн аймакты таштап кетүүгө тийиш экени эскертилди. Бул билдирүү IRNA агенттиги аркылуу таратылган.

Ошондой эле Иран тарап Израилдин Ливандагы аракеттерин сындап, ок атышууну токтотуу бузулуп жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу Тегеран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү да убактылуу токтотушу мүмкүн экенин билдирген.

Последние новости