www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда кайрадан жер силкинди

Түркиянын чыгышында магнитудасы 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун маалыматы боюнча, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча 22-февралда саат 10:09да катталган. Анын очогу Диярбакыр шаарынан түндүккө 61 чакырымда, 5 км тереңдикте жайгашкан. Бул шаарда 644 миң жашоочу бар. Азырынча жер титирөөнүн кесепеттери тууралуу маалымат жарыялана элек.

Соңку маалымат боюнча, 6-февралдагы 7,6 жана 7,7 баллдык жер титирөөлөрдөн Түркия менен Сирияда 47 миңге жакын адам каза тапты. Алардын 40 миңден ашыгы — Түркиянын жарандары.

Түркиянын «Анадолу» («Anadolu») жалпыга маалымдоо каражаты билдиргендей, кайрадан 20-февралда саат 20:04тө 6,4 баллдык жер титирөө болду. Андан кийин саат 20:07де кайрадан жер силкинип, анын күчү 5,8 баллга жетти. Жаңы жер титирөөнүн очогу Түркиядагы Дефне жана Самандаг райондорунда жайгашкан. Жер титирөө Ливан, Сирия (6 адам жаракат алды), Кипр жана Израилде сезилди.

Кайталанган жер титирөөдөн кийин Түркияда 6 адам, Сирияда 5 адам көз жумганы белгилүү болду. Учурда Сириядагы жабыркаган жана каза болгон жарандар тууралуу маалыматты өлкөнүн расмий бийлиги эмес, Адам укугун коргоо боюнча мониторинг борбору жарыялап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости