www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия 2026-жылы асмандан учурулуучу баллистикалык ракеталарды сыноону пландап жатат. Бул тууралуу Түркиянын “Roketsan” компаниясынын башкы директору Мурат Икинчи билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылдын ичинде жаңы ракеталык системалар боюнча бир катар ири масштабдагы сыноолор өткөрүлөт. Ошол эле учурда бул системаларды сериялык өндүрүшкө киргизүү да пландалууда.
Эске салсак, өткөн жылы Түркия өзүнүн биринчи гиперүндүү баллистикалык ракетасы –  TAYFUN BLOK-4тү тааныштырган.

Ракетанын узундугу 10 метр, салмагы 7 200 килограммды түзөт. Бул Түркиянын коргонуу өнөр жайындагы эң алыска учуучу (3 миң километр) система болуп эсептелет. “Roketsan” тарабынан чыгарылган бул ракета абадан коргонуу системалары, башкаруу борборлору жана аскердик объекттер сыяктуу стратегиялык буталарды жок кылууга арналган. Бул ракеталар негизги көрсөткүчтөрү боюнча Иранда чыгарылган баллистикалык ракеталардан ашып түшөт.

Последние новости