www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда тараптар өлкөнүн саламаттык сактоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.
Өзгөчө көңүл саламаттык сактоону санариптештирүү, кадрдык потенциалды өнүктүрүү, лабораториялык кызматты чыңдоо, антимикробдук туруктуулукка каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдарга даярдык жана жооп кайтаруу системасын өркүндөтүү маселелерине бурулду.
Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен Кыргызстандын 2024–2030-жылдарга карата өлкөлүк кызматташтык стратегиясынын ролу өзгөчө белгиленип, ал саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктары менен эл аралык техникалык колдоону шайкеш келтирүүнү камсыз кылган негизги инструмент катары айтылды.