www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты болгон транспорт тармагы өз жыйынтыгын берип, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
2025-жылдын 11 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 1 млрд 65 млн 832 миң сом түштү. Ал эми былтыркы көрсөткүч (2024-жылдын 11 айында) 334 млн 170 миң сомду түзгөн.
Быйылкыга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 218 миң 250 даана уруксат кагаздары алынды.
Коррупциялык элементтерди жоюу максатында жүк жана жүргүнчү ташууга лицензиялар, жүргүнчү ташууну уюштуруу сынактары жана уруксат кагаздарын берүү толугу менен санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынды.