www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 18-19-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Османие провинциясына жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ТИМнин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө ал Османие провинциясынын губернатору Эрдинч Йылмаз жана Османие шаарынын мэри Ибрагим Ченет менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыгын, ошондой эле аймактар ​​аралык байланыштарды өнүктүрүү келечегин талкуулады.

Сапардын жүрүшүндө Элчи Р. Казакбаев Коркут Ата университетинин жетекчилиги менен да жолугушуп, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле студенттер менен окутуучуларды алмашууну талкуулады.

Андан тышкары, Элчи Аданада жашаган кыргыз жарандары менен жолугушуп, аларга мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча элчиликтин ишмердүүлүгү, ошондой эле кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.​​​​

Последние новости