www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев «Бостон Консалтинг Групп» компаниясынын өкүлү Андрей Лукьянов менен жолукту.
Жолугушууда өлкөнүн темир жол инфраструктурасынын потенциалы, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол линиясы жана «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал» темир жол маршруту тууралуу маселелерди талкуулашты.
Ошондой эле, тараптар долбоорлорду коштоону жана инвестициялык долбоорлорго негиздеме түзүү боюнча пикир алмашышты.
Министрлик «Бостон Консалтинг Групп» компаниясы менен бирдиктүү иш алып барууга жана биргеликте иштеп чыгуу үчүн бир нече долбоорду «Бостон Консалтинг Групп» компаниясына сунуш берүүгө макул экендигин билдирди.
Мындан тышкары, «Бостон Консалтинг Групп» компаниясы менен кызматташуунун конкреттүү форматын иштеп чыгуу жана практикалык, узак мөөнөттүү жана туруктуу өнөктөштүктү түзүү максатында сүйлөшүүлөр жүрдү.