www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда аскер кызматын өтөбөгөн же альтернативдүү кызмат өтөгөн 22–40 жаштагы эркектер 50 миң сом төлөп, 30 күндүк аскердик жыйындардан өтүүгө милдеттендирилди. Тиешелүү чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

Документке ылайык, жогорку билими бар жана 30 жашка чейинки биринчи категориядагы жарандар үчүн төлөм 70 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, альтернативдүү кызматтын шарттары да өзгөртүлдү. Үй-бүлөлүк жагдайлар менен чакырылгандар 18 миң сом, ден соолугунун абалына же диний ишенимине байланыштуу жарандар 25 миң сом төлөйт. Ал эми коомдук пайдалуу иштерди тандагандар 25 миң сом төлөп, белгиленген көлөмдө эмгек өтөйт.

Төлөмдөр этап-этабы менен жүргүзүлүп, кызмат өтөө мөөнөтү жаран чакырылган күндөн тарта эсептелет.

Последние новости