www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Салтанат Аманова Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Борбор Азия – Европа Биримдиги» парламенттер аралык кызматташтыктын биринчи форумуна катышууда.

Өз сөзүндө Салтанат Аманова аталган форумду өткөрүү демилгеси чөлкөмдөгү парламенттер менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо жана тажрыйба алмашууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.

«Парламенттер мамлекеттер аралык алакаларды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.  Бүгүнкү күндө Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара аракеттенүү сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгууда. Бул саммитте делегация башчылары белгилегендей, тең укуктуу өнөктөштүктүн алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү биздин өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», - деди депутат.

Муну менен катар Салтанат Аманова Борбор Азия аймагында көп убакыттан бери чечилбей келе жаткан чек ара маселеси чечилип, коңшулук байланыштардын жакшырышында туруктуу тенденция байкалып жатканын да кошумчалады.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода-экономикалык байланыштар тууралуу кеп кылган депутат Салтанат Аманова парламенттердин маанилүү милдети инвестицияларды өнүктүрүүгө, ишкердикти колдоого жана экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталган жагымдуу мыйзамдык чөйрө түзүүгө көмөктөшүү экендигин билдирди.

Аны менен бирге «жашыл» экономиканы жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү маселелерине көңүл буруп: «Кыргызстан гидроэнергетикалык зор дараметке ээ болгондуктан, аталган тармакты туруктуу өнүгүүнүн негизи катары карайт. Биз гидро жана күн энергетикасы секторлорунда долбоорлорду ишке ашырууга кириштик», - деп билдирди.

Ошондой эле депутат Салтанат Аманова Борбор Азиядагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, коопсуздук жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерине да токтолуп: «Бул багыттар биздин элдердин ортосунда ишенимдин бекем негизин түзүүгө жол ачат. Бүгүнкү форум парламентарийлердин кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө кандай салым кошо ала тургандыгын көрсөтүп турат. Кыргызстан ар дайым жаңы демилгелерге ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экендигин дагы бир жолу баса белгилегим келет», - деп белгиледи.

Последние новости