www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп жардамчыларына Ормуз кысыгы жабык болгон күндө деле Иранга каршы аскердик операцияларды токтотууга даяр экенин айтты.
Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити Ак үйдүн өкүлдөрүнө шилтеме берип жазды.
Трамп жана анын кеңешчилери кысыкты жырып кирүү боюнча операция жаңжалды курчутуп, создуктурат деген тыянакка келишкени кабарланды.
Президент Кошмо Штаттары Ирандын флотуна, ракета запастарына сокку уруу боюнча өзүнүн негизги максаттарына жетип, аскердик аракеттерди токтотуу керек деген чечимге келген.
Эгер Вашингтон Ормузду дипломатиялык жол менен ачууга жете албаса, Европадагы жана Перс булуңундагы өнөктөштөрдү кысыкты ачуу жоопкерчилигин алууга чакырууга ниет кылып жатканын басылманын маектештери билдиришкен.
Алар маселени аскердик жол менен чечүү варианты да бар экенин, бирок ал Трамп үчүн жакынкы приоритет эмес экенин тактаган.
The Wall Street Journal белгилегендей, Ак үйдүн чечими Тегерандын Ормузга таасирин бекемдеши ыктымал. Буга чейин ирандык маалымат каражаттары Ирандын парламентинин коопсуздук комиссиясы план кабыл алганын, анда аталган кысык аркылуу өтүүгө төлөм алуу жана АКШ, Израилге байланышы бар кемелердин өтүшүнө тыюу салуу камтылганын жазып чыгышкан.