www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ жана Израиль Иран менен болгон жаңжалдын алгачкы жумаларында өлкөнүн мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежадды бийликке алып келүү мүмкүнчүлүгүн карашкан. Бул план Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи жок кылынгандан кийинки мезгилге арналган болчу. Бирок операция ишке ашпай калган. Бул тууралуу булактарга таянып The New York Times жазды.
Маалыматка ылайык, бул план 2026-жылдын жазында Иранга каршы ири аскердик кампания башталганда даярдалган. АКШ жана Израиль өкүлдөрү Ахмадинежад өткөөл мезгилди башкарып, өлкөдөгү саясий абалды турукташтыра алат деп эсептешкен.
Булактардын айтымында, планды алгач Израиль иштеп чыгып, мурдагы президенттин айланасындагы адамдар менен да талкуулаган. Тегеранга жасалган соккулардын бири Ахмадинежадды жок кылууга эмес, аны үй камагынан бошотууга багытталган деген маалыматтар айтылууда.
Бирок операция күтүлгөндөй болгон эмес. Ахмадинежад жаракат алып, андан кийин бул долбоорго катышуудан баш тарткан жана коомчулук алдында көрүнбөй калган. Азыр анын кайда экени белгисиз бойдон калууда.
Булактар бул идея абдан талаштуу болгонун белгилешет. Себеби Ахмадинежад президент болуп турган учурда АКШга жана Израилге каршы катуу билдирүүлөрү менен белгилүү болгон.
Кийинчерээк ал Ирандагы аятоллалар режимин сындап, өкмөттү коррупцияга айыптаган. Ал үч жолу президенттик шайлоого катыша албай калган, ал эми анын айрым тарапташтары камакка алынган.
Ошол эле учурда Ахмадинежаддын Батыш менен түз байланышы бар экендиги тууралуу маалымат жок. АКШ жана Израилдин Ирандагы бийликти алмаштыруу планына эмне себептен катышууга макул болгону да белгисиз экени айтылат.
The New York Times басылмасы Дональд Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдөн чыгарылгандан кийин анын мураскери Делси Родригес АКШ менен кызматташууга даяр экенин билдирген окуядан шыктанган болушу мүмкүн деп жазды.
Бир катар аналитиктер жана эксперттер бул сценарийдин реалдуулугуна шек келтиришкен. Айрымдар бул чыныгы саясий долбоор эмес, болгону алдын ала талкууланган варианттардын бири болушу мүмкүн экенин айтышкан.