www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-майда Чолпон Жээнбекова Кыргыз Республикасынын Шахбокс федерациясында коомчулук жана ЖМК менен иштөө боюнча вице-президент кызматына дайындалды. Бул тууралуу sport.kg жазды.
Ага сертификатты Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Эрмек Мырзабекович Тукеев, КР Шахбокс федерациясынын президенти Абасбек Абдыкович Доромбаев жана спорттук-тарбия иштери боюнча проректор, ошондой эле шахбокс боюнча активдүү спортчу, дүйнө чемпиону Акназар Кенжебаев тапшырышты.
«Спортчуларды жеңишке психологиялык жактан даярдайм!»
— Мен спортко, саясатка кызыгам, билим берүү тармагында мугалимдер, ата-энелер жана балдар менен иштейм. Биринчи билимим боюнча юристмин, экинчиси боюнча психологмун. Учурда мугалимдерди логопед жана психология багытында окутуп жатабыз. Ошондой эле ири этно-лагерлерди өткөрөбүз. Мага Шахбокс федерациясында кызмат сунушталды. Чынын айтсам, бул спорт түрү менен биринчи жолу тааныштым. Бирок изилдеп көрүп, мага жакты. Жайдын аягында өлкөдө биринчи турнир өткөрүү пландалууда, — деди вице-президент.
— Бул спорттун өзгөчөлүгү анын интеллектуалдык жагында экен. Мен шахматты абдан жакшы көрөм. Спортчуларга психолог катары кеңеш берип, аларды интеллектуалдык жактан даярдоого даярмын. Мен спортчуларды жеңишке психологиялык жактан даярдайм, эмоцияларын кармабай, ачык болууга үйрөтөм. Себеби дүйнөдө спортчуларды психологдор аркылуу даярдоо кеңири практика болуп саналат, — деп кошумчалады Чолпон Жээнбекова.
Шахбокс — бул шахмат менен бокс айкалышкан гибрид спорт түрү. Мелдеште раунддар кезектешип өтөт: спортчулар шахмат тактасында жана бокс рингинде алмашып таймашат. Жеңиш нокаут менен, шахматта мат коюу менен же убакыт боюнча утуш менен аныкталат.
Шахбокс 2000-жылдардын башында түзүлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө тез популярдуулукка ээ болгон.
Белгилей кетсек, Чолпон Жээнбекова Талас облусунан чыккан активист, блогер. Ал буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине №7 шайлоо округу (Кара-Суу району) боюнча депутаттыкка талапкер болгон.