www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарында гендердик теңчилик жаатындагы жетишкендиктерге жана Борбор Азиядагы аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого арналган парламент өкүлдөрүнүн субрегионалдык жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрү активдүү өзгөрүү баскычынан өтүп жатканын, бирок ошол эле учурда аймакта экономикалык теңсиздик, аялдардын жетекчилик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн чектөө жана гендердик стереотиптер сыяктуу чакырыктар сакталып турганын белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстан аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук турмушка катышуусун кеңейтүү боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырып жатканына токтолгон Төраганын орун басары өлкөдө билим берүү, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү жана аялдардын лидерлигин колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.
«Бүгүнкү гендердик теңчилик темасы – адилеттүүлүк жана адам укуктарын коргоо маселеси гана эмес. Бул мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө, экономикалык өсүшкө, социалдык туруктуулукка жана мамлекеттик башкаруунун сапатына байланышкан маанилүү маселе», - деди Болот Ибрагимов.
Мындан тышкары аялдар менен кыздардын заманбап билимге жана санариптик көндүмдөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү зарылдыгына көңүл буруп: «Биз ар бир кыз сапаттуу билим ала алган, ар бир аял өзүнүн кесиптик потенциалын ишке ашырып, чечим кабыл алуу жараянына катыша алган Борбор Азияны калыптандырышыбыз керек», – деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Казакстандагы өкүлү жана Кыргызстан менен Түркмөнстан өлкөлөрү боюнча директору Чинве Огбонна, «БУУ-Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Сайед Садик, ошондой эле Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити сөз сүйлөдү.
Алар өз баяндамаларында эл аралык жана регионалдык кызматташтыкты чыңдоонун, гендердик теңчиликти илгерилетүүнүн, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн, билим берүү менен санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн жана аялдар менен кыздардын укуктарын коргоо чараларын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.