www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Украина Американын жардамын жаңылоо үчүн тынчтык келишимин түзүүгө азырынча жетиштүү деңгээлде даяр экенин көрсөтө электигин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Алар минералдар боюнча келишимге кол коет деп ойлойм. Муну жасаса дейбиз, мен алардын тынчтыкка ыкташын каалайм, чынбы? Аны тиешелүү деңгээлде көрсөткөн жок. Азырынча көрсөтүп бере алышкан жок деп ойлойм, бирок алар муну жасашат жана анысы эки-үч күндө белгилүү болуп калса керек", — деген ал.

Бейшемби күнү Ак үй согуштун эки тарабындагылар менен консультациялар уланып жатканын, ал эми кармашты тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча жаңы жолугушуу бул аптада Сауд Арабиясында өтөрүн айтты.

Буга чейин Пентагондон РИА Новостиге 4-мартта Украинага жардамдын бардыгы токтотулгандыгын билдирген. Ведомствонун өкүлү бул жолдо ташылып бара жаткан курал-жарак, техникага да тиешелүү экендигин кошумчалаган.

Эске салсак, Трамп Россияга караганда Украина менен сүйлөшүү алда канча оор болуп жатканын айткан.

Последние новости