www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп 21-ноябрда, Нью-Йорктун жаңы мэри Зоран Мамдани менен Ак үйдө жолугат.

«Нью-Йорктун мэри, коммунист Зоран “Кваме” Мамдани жолугушууну суранды. Биз бул жолугушуу жума күнү, 21-ноябрда, Сүйрү кабинетинде өткөрүүнү макулдаштык», — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында. Ал мындан тышкары: «Кошумча маалымат кийинчерээк берилет», — деп кошумчалады.

Bloomberg’дин маалыматына караганда, бул жолугушуу Мамдани шайлоодо жеңишке жеткенден кийинки Трамп менен анын алгачкы жүзмө-жүз жолугуусу болуп калат. Тараптар Ак үйдө келечектеги кызматташтык тууралуу сүйлөшмөкчү.

Нью-Йоркто ноябрдагы шайлоодо 34 жаштагы демократиялык социалист, штаттын мыйзам чыгаруу органынын мүчөсү Зоран (Зохран) Мамдани күтүүсүз жеңишке жеткен. Ал шайлоочуларга бекер жана тез жүргөн автобустарды, муниципалдык азык-түлүк дүкөндөрүнүн тармагын, жалпыга жеткиликтүү мектепке чейинки билим берүүнү жана ижарасы жөнгө салынган батирлерде жашаган 2 миллионго жакын тургун үчүн ижара акысын тоңдурууну убада кылган.

Мамдани Нью-Йорктун мэри кызматын ээлеген биринчи мусулман жана түштүк азиялык тектен чыккан саясатчы болуп саналат.

Мамданинин жеңишинен кийин Трамп: «Кечээ кечинде Нью-Йорктун бир аз суверенитетин жоготтук. Бирок биз бул маселени чечебиз. Кабатыр болбоңуздар», — деген билдирүү тараткан. Ага чейин президент социалист мэр шайланса, шаарды каржылоону кыскартарын эскерткен. Өз кезегинде Мамдани шайлоо кампаниясында Трампты «демократияга коркунуч» деп атаган.

Кийин, 18-ноябрда, жаңы шайланган мэр Мамдани Трамп менен жолугушуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. «Менин командам Нью-Йорк тургундарына берген убадамды аткаруу үчүн Ак үйгө кайрылды», — деген Мамдани.

Последние новости