www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Вашингтондун Түркияга F-35 үлгүсүндөгү согуштук учактарды берүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу айткан сын-пикирлерине нааразы болгон.
Бул тууралуу Axios порталы Ак үйдөгү булактарына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, Нетаньяхунун Fox News телеканалына берген маегинде Түркияга бешинчи муундагы F-35 истребителдерин берүүгө каршы экенин билдириши Трамптын кыжырын келтирген.
Булактардын айтымында, АКШ президенти Израилдин премьер-министрине бул маселеге кийлигишүүгө укугу жок экенин айткан.
Буга чейин, 7-июлда Нетаньяху Түркияга F-35 учактарын берүү Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугуна таасир этиши мүмкүн экенин билдирген.
Ал Анкаранын саясатына байланыштуу тынчсыздануусун айтып, Түркиянын аймактагы ролуна сын көз карашын билдирген.