www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Аляскадагы пландалган жолугушуусу Элмендорф-Ричардсон аскердик базасында болорун CNN телеканалы билдиргенин, Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка караганда, уюштуруучулар ири штатта саммитти өткөрүүгө ылайыктуу жалгыз шаар катары Анкорижди тандашкан. Ал эми шаардын түндүк четинде жайгашкан Элмендорф-Ричардсон биргелешкен базасы гана тарыхый жолугушууну өткөрүү үчүн талаптарга жооп берери белгиленген.

Учурда Аляскада туристтик сезондун кызып турган мезгили болгондуктан, саммит өткөрүү үчүн башка ылайыктуу жерлер табылбаганы айтылды.

Трамп менен Путиндин жолугушуусу Алясканын Анкоридж шаарында 15-августта өтөт.

Последние новости