www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп Канадага экономикалык сокку урду

АКШнын президенти Дональд Трамп Канададан импорттолгон бир катар товарларга 50 пайыздык бажы төлөмүн киргизди. Ак үйдүн маалыматына ылайык, жаңы тарифтер 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңы тарифтер шарап, хоккей таяктары, цемент сыяктуу товарларга тиешелүү болсо, Канаданын негизги экспорттук продукциялары — энергоносителдер, калий жер семирткичи, стратегиялык минералдар жана балык азыктары жаңы төлөмдөрдөн бошотулду.

Канаданын премьер-министри Марк Карни өлкөсү АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүн жакынкы апталарда активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Бул чечим АКШ менен Канаданын ортосундагы соода чыңалуусун дагы да күчөтөрү белгиленүүдө.

Последние новости