www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2026-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Документтин негизги максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын жөнөкөйлөтүү, бюрократияны азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоо.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын түрлөрү так бөлүнүп, социалдык жактан аярлуу жарандар үчүн жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгү каралат.

Ошондой эле мыйзам боюнча акысыз көрсөтүлүшү керек болгон кызматтар үчүн төлөм алууга тыюу салынат.

Документ кызмат көрсөтүү процесстерин санариптештирүүнү, жарандардын кайрылуусуз эле маалыматтардын негизинде кызмат көрсөтүүнүн проактивдүү формасын киргизүүнү карайт.

Мындан тышкары, санариптик мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн кызмат алуунун альтернативдүү жолдору, жеке секторду тартуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестрин түзүү каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости