www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров 23-июлда Чолпон-Ата шаарында Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды.
Жолугушууда Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары чыңдоо үчүн бардык шарттар бар экенин белгилеп, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн айтты.
Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.
Ошондой эле Беларусь Президенти Александр Лукашенконун алдыдагы ШКУ саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экенин билдиришти.