www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы «болуп көрбөгөндөй масштабдагы экономикалык согуш жана изоляция» башталганын жарыялады.

Трамптын айтымында, Иран менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берилген, бирок Тегеран аны пайдаланган эмес. Эми АКШ Иранга мунай контрабандасы, акча которуулар жана каржылык операциялар аркылуу жардам көрсөткөн өлкөлөргө, компанияларга жана мекемелерге да катуу экономикалык чаралар көрүлөрүн эскертти.

Трамп Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрү олуттуу алсыраганын айтып, АКШнын башкы максаттарынын бири – Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин белгиледи.

Последние новости