www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Атлантика альянсын (НАТО) сактап калууда өзүнүн ролун өзгөчө маанилүү деп баалады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жазды.
Трамптын айтымында, НАТО үчүн ал кылган иштерди эч бир президент жасаган эмес.
- Эгер мен келбегенде, бүгүн НАТО болмок эмес. Ал тарыхтын таштандысына айланмак, - деп билдирди АКШ президенти.
Мындан тышкары, Трамп НАТОго мүчө өлкөлөрдүн АКШга жардам көрсөтүүгө даярдыгына шек санарын айтты. Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында ал АКШ альянска ири суммадагы каражат жумшап жатканын белгилеп, бирок жооп иретинде адилеттүү мамиле көрбөй жатканын билдирди.
- Биз НАТО үчүн көп акча коротобуз. Мен АКШ аларга жардам берерин билем. Бирок алар бизге жардам берерине чындап эле күмөн санайм, - деди Трамп.
Президенттин бул билдирүүсү АКШ менен НАТОго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы каржылык жана коопсуздук маселелерине байланышкан талкууларды кайрадан күчөттү.