www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Трамп Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр же Россия–Украина ортосундагы тынчтык процесси тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырды.

Ал: Урматтуу коноктор менен — Украина Президенти Владимир Зеленский, Франция Президенти Эммануэль Макрон, Финляндия Президенти Александр Стубб, Италиянын Премьер-министри Джорджия Мелони, Улуу Британиянын Премьер-министри Кейр Стармер, Германиянын Канцлери Фридрих Мерц, Еврокомиссиянын Президенти Урсула фон дер Ляйен жана НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө өтө жакшы жолугушуу болду. Жолугушуу Ак үйдүн Овальный кабинетинде кеңешме менен жыйынтыкталды.

Жолугушуу учурунда Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери, бул кепилдиктерди ар кайсы Европа өлкөлөрү кандай шартта бере алаары жана аларды АКШ менен координациялоо маселеси талкууланды. Баары Россия менен Украинанын ортосунда Тынчтык орнотуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта болушту.

Жолугушуунун соңунда мен Президент Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Путин жана Зеленский менен жолугушуу өтө турган жерди макулдашуу иштерин баштадым. Бул жолугушуудан кийин эки президент жана мен катыша турган үч тараптуу сүйлөшүү болот. Бул дагы согуш башталганына дээрлик төрт жыл болгон учурдагы өтө маанилүү алгачкы кадам болуп калды.

Вице-президент Ж.Д. Вэнс, Мамлекеттик катчы Марко Рубио жана атайын өкүл Стив Виткофф Россия жана Украина менен иш алып барууда. Бул маселеге көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат! - деген АКШ президенти Д. Трамп.

Последние новости