www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3-сентябрда Бээжинде кытай элинин жапон баскынчыларына каршы каршылык согушундагы жана Дүйнөлүк антифашисттик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган кеңири деңгээлдеги майрамдык иш-чаралар өтөт. Ошого байланыштуу акыркы убактарда Кытай кинотеатрларында бул тарыхый мезгилге арналган тасмалар көбөйө баштады. Алардын ичинен «Нанкин сүрөт студиясы» фильми көрүүчүлөрдүн саны боюнча алдыңкы орунга чыгып, прокатка чыккан 23 күндүн ичинде 2,5 млрд юандан ( болжол менен 350 млн АКШ доллары) ашык киреше топтоду. Бул — жай айларында чыккан тарыхый фильмдердин ичинен кытай киночулары үчүн рекорддук көрсөткүч болду. Бул тууралуу CGTNдеги кесиптешибиз Аньни Ван, Ван Шици NazarNewsка билдирди.

«Нанкин сүрөт студиясы» чыныгы тарыхый окуяларга негизделген. Сюжет япон аскерлери тарабынан жасалган Нанкин кыргынчылыгындагы кылмыштарды далилдеген фотосүрөттөрдүн айланасында өнүгөт. Ал кездеги Кытайдын борбору Нанкин шаарындагы «Цзисян» («бакыт» дегенди билдирет) аттуу сүрөт студиясына баш калкалап кирген бир топ жөнөкөй адамдар япон аскерлери үчүн фотоплёнкаларды иштеп чыгууга аргасыз болушат. Бирок алар туш келди кыргынды далилдеген кадрларды табышат. Кийин бул сүрөттөрдү жашыруун чыгарып, дүйнөгө жарыялоо планын түзүшөт.

Маалымат тартыш болгон доордо бир эле сүрөт көп учурда талашсыз далил болуп эсептелген. Көптөгөн чет элдиктер тарыхый маанилүү сүрөттөрдү сактап калышып, алар кийин согуштан кийинки соттук процесстерде негизги далилдерге айланган. Акыркы жылдары Нанкин кыргынчылыгын тастыктаган жаңы сүрөт жана видеоматериалдар табылып жатат. Бүгүн ошол баалуу кадрларды сактап келген адамдардын урпактары бул тарыхый материалдарды Кытайга акысыз өткөрүп берүүнү өздөрүнүн ыйык парзы катары кабыл алышууда.

Быйыл август айында Франциялык Маркус Детрез аттуу жаран өзүнүн атасы Роджер-Пьер Лоренстин колунда болгон согуш мезгилиндеги 618 тарыхый сүрөттү Кытай элчилигине белек кылып тапшырды. Бул сүрөттөр кытай элинин жапон баскынчыларынын эзүүсүндөгү азап-тозогун так чагылдырган. Мындан тышкары, алар Япониянын Кытайга каршы согушунун тарыхый чындыгын терең ачып берет.

2022-жылы америкалык ломбард ээси Эван Кайл социалдык тармактарда видео жарыялап, анда Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде тартылган, жапон аскерлеринин Кытайга басып киришине байланыштуу көп сүрөттөр камтылган альбомду тапканын билдирген. Бул коомчулукта чоң резонанс жараткан. Акырында ал альбомду Чикагодогу Кытайдын Башкы консулдугуна акысыз өткөрүп берген.

Нанкин кыргынчылыгы учурунда немис жараны Йон Рабе өз өмүрүн тобокелге салып, 200 миңден ашуун кытайлык тынч тургундарды сактап калган. Анын аскердик күндөлүктөрүндө япон армиясынын мыкаачылыктары майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. 2000 беттен ашык текст жана жүздөй сүрөт Нанкин кыргынчылыгынын эң маанилүү жана кенен документалдык күбөлүктөрүнүн бири болуп калган. 2016-жылы анын небереси Томас Рабе атайын системалаштырылган «Рабенин күндөлүгүнүн Нанкин тому»н Кытайга белек кылып тапшырган.

Тарыхый кадрлар өчүп кетиши мүмкүн, бирок чындык дайыма унутулбайт. Ал муундарды бириктирген руханий жол көрсөткүч болуп, бизге тарыхты унутпоону жана тынчтыктын баасын билүүнү дайыма эскертип турат.
Аньни Ван, Ван Шици, CGTN