www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Расмий сапардын алкагында өткөрүлгөн жолугушууда эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү тууралуу сөз болуп, кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан негизги маселелер талкууланды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу алгач Режеп Тайып Эрдоганга Президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип, эки өлкө башчысынын ынак мамилеси боордош мамлекеттердин өнөктөштүгүн өрчүтүүгө чоң өбөлгө түзүп жатканын баса белгиледи.
Ошону менен катар Түркия Президентинин 2024-жылы Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары тарыхый окуяга айланып, стратегиялык алакалардын жаңы барагын ачканын жүйө келтирди.
«Кыргызстан боордош Түркия Республикасы менен калыптанган кызматташтыкты жигердүү улантып, бардык багыттагы байланыштарды ырааттуу өнүктүрүүгө кызыкдар. Ал эми кыргыз парламенти жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырууга колдоо көрсөтүп, көмөктөшүүгө даярбыз»,- деди Жогорку Кеңештин Төрагасы.
Мындан тышкары, жалпы түрк мамлекеттеринин алакасын чыңдоо да Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеген Нурланбек Тургунбек уулу: «Биз Түрк мамлекеттер уюму, ТүркПА өңдүү эл аралык аянтчаларда да тыгыз иш алып барып келебиз. Өткөн жылы Түрк мамлекеттер уюмуна Кыргызстан төрагалык кылса, быйыл ТүркПАнын кезектеги жыйыны Бишкек шаарында өтөөрү күтүлүүдө. Анда катарыбыз дагы кеңейип, боордош Өзбекстан мамлекетинин парламенти менен толукталат деген үмүттөбүз», - деген пикирин билдирди.
Муну менен катар Төрага болуп шайлангандан кийинки алгачкы расмий сапарын Түркия мамлекетине жасап жатканын айткан Нурланбек Тургунбек уулу: «Бул эки элдин жакындыгын далилдеген символикалуу окуя. Бүгүн Улуу Улуттук жыйындын Төрагасы Нуман Куртулмуш мырза менен баарлашып, актуалдуу маселелер боюнча пикир алмаштык. Кыргыз-түрк кызматташтыгын чыңдоо боюнча көптөгөн пландарды макулдаштык», - деди.
Андан сырткары, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү багытындагы сунуштарын да айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы Түркиянын Президентинен аталган багыттагы биргелешкен долбоорлорго астейдил көңүл буруп, саясий жактан колдоого алууну өтүндү.
Өз кезегинде Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган кыргыз парламентинен жана Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун ишмердүүлүгүнөн кабары бар экенин айтып, бул расмий сапар кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң түрткү берет деген ишеничте экенин кошумчалады.
Ошондой эле Түркия мамлекети Кыргызстан менен болгон бир туугандык, достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилеге өзгөчө көңүл бурарын айткан Режеп Тайып Эрдоган боордош өлкөдөгү өнүгүүнү ар тараптан колдоого алышарын баса белгиледи.