www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйынга Төрага Марлен Маматалиев катышып, депутаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бирге жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду талкуулашты.

Мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеңеш жаштар саясатын алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев: «Жакында эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Аны түзүүдөгү башкы максатыбыз – жаштар менен өз ара туруктуу байланыш механизмин калыптандыруу, ошондой эле жаштардын демилгелерин колдоо. Айрыкча жаштарды мыйзам чыгаруу процессине тартуу жана алардын мамлекеттик башкаруу системасында практикалык тажрыйба топтоосуна шарт түзүү», – деди.

Жыйында Жаштар кеңеши тарабынан сунушталган «Жаш кадрлар мектеби» аталышындагы долбоор боюнча маалымат берилип, анын максаттары тууралуу баяндама жасалды. Алсак, Жаш кадрлар мектебине жогорку окуу жайларынын 3-4-курстарынын студенттерин, ошондой эле мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө практикалык тажрыйба алууга жана кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө кызыкдар 35 жашка чейинки курактагы жаш адистерди тартуу пландалууда.

Төрага ушул сыяктуу долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү кызматташууга чакырып: «Өзүбүз да каржылык колдоо көрсөтүп, жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдойбуз. Албетте өнөктөштөрдүн көмөгү менен да натыйжалуу жыйынтыктарга жетебиз деген ишеничтемин», – деди.

Ал эми БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева жаштарды колдоо багытында жасап жаткан иштери тууралуу кеп кылып, Төраганын алдындагы Жаштар кеңеши менен да тыгыз иш алып барууга даяр экендиктерин кошумчалады.

Талкуу маалында Жаштар кеңешинин алкагында экология, ишкердик жана калктын аярлуу катмарынын маселелерине байланышкан комитеттерди түзүү сунушу көтөрүлдү.

Последние новости