www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин Администрациясында тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдык жол картасын ишке ашырууну талкуулоо боюнча кеңешме болуп өттү.
Кеңешме аймактык жана чет элдик илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин тоолуу экосистемаларды жана тоолуу жамааттарды изилдөө үчүн бириктирүүгө арналган. Кеңешме Кыргыз Республикасынын Президентинин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова тарабынан Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун, өлкөнүн башка илимий мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.
Кеңешмени ачып жатып, Президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышуучуларга 2027-жылдын октябрь айында өтө турган «Бишкек+25» Экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берип, өлкөнүн илимий дараметин Кыргызстандын тоолуу экосистемаларында жүрүп жаткан негизги процесстерди изилдөөгө багыттап, бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү учурдагы иштер жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган илимий-билим берүү демилгелерин өнүктүрүү тууралуу маалымат берди.
Талкуунун жүрүшүндө илимий-изилдөө коомчулугунун өкүлдөрү тоо маселелери боюнча өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, глобалдык жана аймактык деңгээлдеги илимий, изилдөө жана билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча өз көз караштары менен бөлүштү.
Кеңешменин жыйынтыгында катышуучулар Кыргызстандын илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин бирдиктүү изилдөө жана билим берүү платформасын түзүү үчүн мындан ары да координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.