www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Системалуу түрдө акча талап кылуу фактысы боюнча – Токтогул шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жарандардын көп жолку даттанууларынын жыйынтыгы боюнча, КР УКМК тарабынан Токтогул шаарынын Бала-Чычкан айылындагы «Нурпейилим» бала бакчасынын мурдагы башчысы «Т.Э.С.», Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен мекеменин адиси «А.К.Б.» жана «С.Д.К» кармалышты. Алар балдарды мектепке чейинки мекемелерге кабыл алууда, кызматкерлерди ишке орноштурууда жана жетекчи кызматтарга дайындоо үчүн системалуу негизде опузалап акча талап кылышкан.
Улуттук коопсуздук органдары тарабынан билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, айрым кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын этибарга албай, мыйзамсыз иштер менен алектенүүнү улантышууда.
УКМК билим берүү тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантууда.