www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-октябрда саат 19:15 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБге шаардын көп кабаттуу үйүнүн алдынан бир кызды үч жаран күч колдонуп, ак түстөгү “Дэу Ланос” үлгүсүндөгү автоунаага салып алып качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Ошол замат электрондук журналга катталып, тергөө иштерине даярдык башталган. Ыкчам тергөө тобунун иш-аракеттеринин негизинде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары 30 жаштагы Б.Э., 31 жаштагы Т.Н. жана Д.Р. алдын ала сүйлөшүп, 18 жаштагы А.Бны анын эркине каршы ала качууга барышканы аныкталды.
Кызды эркине каршы күч колдонуу менен автоунаага салып, Кадамжай районунун Тегирмеч айылындагы Э.Бнын таандык үйгө алып кетишкен.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган үч жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып токтотуучу жайга киргизилди.