www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун 1-окуудан карады.

КР Айыл чарба, тамак–аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты прогрессивдүү инновациялык технологияларды айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү жана агроөнөр жай комплексинде жеке практиканы ишке ашыруу болуп саналат.

Азыркы учурда агроөнөр жай комплекси секторунда 1233 чарба субьектилери тарабынан 2739 гектар аянтта тамчылатып сугаруу системасы орнотулган. 2574 даана ар кандай типтеги күнөсканалар курулуп, анын ээлеген аянты 182,4 гектарды түзөт. Республиканын аймагын коркунучтуу зыянкечтерден, өсүмдүктөрдүн орууларынан, отоо чөптөрдөн ишенимдүү коргоону камсыз кылуу боюнча райондук деңгээлде 112 кызматкер иш алып барууда.

Айыл аймактарында болсо мындай адистер каралган эмес. Ушундан улам мыйзам долбоору ар бир айыл аймагында карантиндик жана фитосанитардык изилдөөлөрдү ишке ашыра турган бир жеке агрономду ишке алууну карайт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости