www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК тарабынан ыкчам тейлөө аймагында контрчалгындоону камсыздоо аракеттенүүсүнүн алкагында Токмок шаарынын консерва заводу мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги боюнча маалыматтар алынган.
Тактап айтканда, Чүй облусунун Токмок шаарынын Д.Бабаев көчөсүнүн 13, 15 жана 17-дарегинде жайгашкан «Токмок Консерва заводу» КРнын Мамлекеттик мүлк Фондунун 1993-жылдын 18-мартындагы №286 токтому менен «Ак-Тилек» акционердик коому болуп кайра түзүлгөн. Ушул эле токтом менен «Ак-Тилек» акционердик коомунун акциялары төмөндөгүдөй болуп бөлүнгөн: эмгек жамаатына 8%, коомдун жетекчиси Т.А.га 2,5% жана Мамлекеттик мүлк Фондуна 89,5%. Кийин «Ак-Тилек» акционердик коому «Консерва завод» акционердик коому болуп аталып калган.
Ушул эле, «Консерва заводуна» 1996-жылдын 17-июнунда Чүй-Токмок шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы «Ж.Т.» нын №408 токтомунун негизинде өндүрүштүк база үчүн аянты 7,238 га түзгөн жер тилкеси бекитилип берилген.
Ал эми, 1998-жылдын 27-февралында «Консерва завод» акционердик коомунун 100% акциялары КР жараны «Э.Ж.А.» га өтүп, андан ары ал «Аквамарин» ЖЧКсына сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде 350 000 сомго сатып жиберген деп маалымат түшүп, бирок келишими документ түрүндɵ катталган эмес.
Кийин, 2007-жылдын 23-майында «Консерва завод» акционердик коомунун эч кандай сатуу-сатып алуу келишими жана тийиштүү тастыктоочу кагаздары жок болуп, Кытай Эл Республикасынын жараны «Д.Ц.»га өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө «Консерва завод» ЖЧКнын акциялары төмөнкүдөй үлүштө бөлүштүрүлгөн: КР жараны «И.Г.К.» га 33,4%, КР жараны «Ю.М.И.» ге 33,3% жана КЭР жараны «Д.Ц.га» 33,3%.
Белгилей кетсек, аталган «Консерва завод» тууралуу КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгында жана КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Токмок-Чүй филиалдарында жеке тараптарга өтүп кеткендиги тууралуу так маалымат кагаздары жоктугу аныкталган.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, КР УКМК тарабынан тергөөгө чейинки ыкчам-текшерүү иш-аракеттеринин жүрүшүндө аталган заводдун имараттары, кампалары жана 7,238 га жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Ал эми, КЭР жараны «Д.Ц.» тарабынан баасы 10 000 000 сомду түзгөн мүлк ыктыярдуу жана акысыз негизде мамлекттик мүлк фондуна өткөрүлүп берилди.