www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Борбор Азия Европа биримдиги» саммитинде Украина боюнча сүйлөшүү процессин колдой турганын айтты. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди.
«Казакстан ар дайым чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнү колдойт. Ошондуктан Украина боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын кубаттайбыз», - деди ал.
Токаев эл аралык коопсуздуктун жана туруктуулуктун маанилүүлүгүн туруктуу өнүгүүнүн негизги фактору катары белгиледи. Ал Казакстан бардык кызыкдар мамлекеттер жана негизги уюмдар, анын ичинде ЕБ менен кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган тең салмактуу тышкы саясатка бекем карманарын белгиледи.